• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Бир жарым кылымдын ичинде Нарын кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. «Бир жарым кылымдык узак жолду басып өтүп, Нарын шаары кичинекей кыштакчадан заманбап шаарга айланды», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган «Нукура» фестивалында сөз сүйлөп жатып. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, шаардын маарекеси жергиликтүү калк үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн дагы майрам болуп саналат.

Премьер-министр дагы бир жолу Нарын облусунан чыккан инсандардын жогорку жетишкендиктерин белгилеп, алардын Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымын ырастады.

«Акыркы жылдары Нарын шаарынын жана Нарын облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулууда. Кызматтык жана ипотекалык үйлөр курулууда, жаңы жумуш орундарын түзүлүп, чакан жана орто ишкердикти, туризмди өнүктүрүлүп жатат. Ошону менен бирге аймактын калктуу пункттары таза ичүүчү суу менен камсыздалууда, аймактарды жакшыртуу жүрүүдө, карапайым жарандардын жашоо шарттары жакшыртылууда», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр аймактык өнүктүрүү боюнча программалар алкагында шаарды өркүндөтүү иштери улантыларына ишендирип кетти.

«Буга катар брендге айланган жергиликтүү айыл чарба продукциясын чет элдик рынокко чыгаруу боюнча макулдашылган ырааттуу саясатты жүргүзүү зарыл. Нарын жергесинин эт жана сүт продукциясы жана балы атамекендик брендге айланышы керек. Биз келечекте Нарын шаары жайкы жана кышкы туризмди айкалыштырган туристтик борборлордун бирине айланат деп ишенебиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Нукура» фестивалынын алкагында театралдаштырылган оюн, ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери жана белгилүү коомдук ишмерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий