• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттик фонддон 100 млн сом бөлүндү. Өзгөндө ири долбоор ишке ашууда

Аймак 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. "Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жерлерди сугарууну уюштуруу" долбоорунун алкагында Жаман-Адыр массивин өздөштүрүү жана ирригациялык сугат тармактарын реабилитациялоо иштери жүрүүдө.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун алкагында 4,8 км магистралдык каналды жана 12,1 км ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүүгө Президенттин резервдик фондунан 100 млн сом бөлүнгөн.

"Долбоордун максаты 719 гектар жерди сугат суусу менен камсыз кылуу. Учурда каражат бөлүнүп, бардык керектүү жабдыктар алынып иш кызуу жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий