• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ оюндары. Боксчу Зафарбек Камилов күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Орша, 12.08.23./Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камилов Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында күмүш медалга татыды.

Мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Беларустун Орша шаарында өтүп жатат.

Камилов 48 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык беттеште Азербайжандын мушкерин жеңген. Ал эми жарым финалдык беттеште Беларусь спортчусун уткан.

Финалдык мелдеште тажик спортчусуна жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Белгилей кетсек, дагы эки кыргызстандык мушкер финалда алтын үчүн беттешет.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат.

Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий