• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктүдөгү ураган шахтадан бир адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Издөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы урап түшкөн "Ашымбаев" шахтасынан бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерден 37 жаштагы М.З. аттуу эркек кишинин сөөгү табылды. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Издөө иштерине 16 куткаруучу, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж, шахта директору жана 20 жумушчу тартылган.

Белгилей кетсек, 22-декабрда саат 10:40тар чамасында "Ашымбаев" шахтасы урап түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий