• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров: Быйыл ӨКМге 2 миллиондон ашык еврого тик учак алганы турабыз

Президент 0

Бишкек, 25.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада Чек ара кызматына "Тигр" үлгүсүндөгү 55 ок өтпөс, 50 жүк ташуучу унаа жана ӨКМге 58 өрт өчүрүүчү автоунаа тапшырылды.

“Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 млн доллардан ашык акча каражатына 58 даана өрт өчүрүүчү автоунааларын сатып алдык. Мына бүгүн аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырабыз. Белгилей кетсек, былтыр дагы бир өнөктөшүбүз - Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатып алганбыз”, - дейт президент.

Жапаров кошумчалагандай, ӨКМге быйыл бюджеттен 300 млн сомдон ашык каражатка элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникаларды жана эки миллиондон ашык еврого тик учак алынат.

Пикир

Оставить комментарий