• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу тууралуу эскертти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 26-29-март күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий