• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 114,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январь-мартында 114,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5% өстү.

Көрсөткүч жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (37,1 пайызга), тазаланган мунайзат продуктуларынын (20,3 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (17,6 пайызга), текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарынын (12,8 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (11,6 пайызга), ошондой эле резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарынын (4,2 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен 4,5 пайызга өстү.

Жумалиев курулушта оң тенденциялар байкалгандыгын кошумчалалды. Мында көлөмдүн өсүшү 53,8 пайызды, дүң жана чекене соода – 25,2 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы 1,4 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий