• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчу Азамат Жанузаков шахбокс боюнча Азия чемпионатына катышат

Спорт 0


Бишкек, 12.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Азамат Жанузаков шахбокс боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат ушул жылдын 4-7-июнунда Индиянын Калькутта шаарында өтөт.

“Азия чемпионатына Кыргызстандан бир спортчу Азамат Жанузаков катышат. Бирок дагы эки спортчу катышат жеп жатабыз, анын бирөөсү кыз болот”, - деди Доромбаев.

Азамат Жанузаков Москвада жүргөндө ага шахбокс боюнча турнирге катышуу үчүн сунуш түшкөнүн айтты.

“Өзүм 2008-жылдан тарта бокс менен машыгып, бир жылдан кийин Москвада өткөн турнирде чемпион болгом. Ошондой эле тайбокс боюнча мелдештерге дагы катышып жүргөм. 2013-жылы жаракат алып, таймаштарга катышпай калгам. Өткөн жылы мага шахбокс турнирине катышуу боюнча сунуш түшүп, спорттук иш-чараларга катыша баштадым. 26-февралда 30 өлкөдөн келген спортчунун катышуусунда шахбокс боюнча таймаш өттү. Мен 70 кг салмакта Кыргызстандын атынан чыгып, 6-орунга илиндим. Башка дагы үч турнирге катышып көрдүм”, - дейт спортчу.

Жанузаков буга чейин шахмат ойнобогонун айтып, учурда Кара-Балтада курска барып жатканын кошумчалады.

Спортчунун машыктыруучусу Каныбек Бикбоевдин айтымында, Азамат Жанузаков анын кол алдында профессионалдык бокс боюнча 6-7 беттеш өткөрдү.

“Москва шаарында шахбокс боюнча турнир өтүп, биз көп нерсени көрүп, үйрөндүк. Мелдешти бир гана күч менен эмес, акыл менен дагы утуп алса болот экен. Ошол жерден бир спортчу биринчи эле раудда эки жолу нокдаунга түшүп калган. Бирок ал шахмат оюнунда бир мүнөттүн ичинде эле атаандашын жеңип алганына күбө болдук. Негизинен шахбокста спортчу күчтүү болуп, интеллектуалдык дэңгээли жогору болот”, - деп айтат машыктыруучу.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Шахбокс федерациясы түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий