• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Нефтчи" командасы тажикстандык "Худжанд" командасын утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандык "Нефтчи" командасы тажикстандык "Худжанд" командасын кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн кечээ, 19-февралда Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда өттү.

Биринчи бөлүктө эки команда тең чабуул жасашканы менен эсеп ачылган жок. Экинчи таймда талаа ээлеринин жарым коргоочусу Олександр Игнатенко алыскы аралыктан сокку узатып, топ коргоочунун бутуна тийип дарбазага кирди – 1:0.

Оюндун калган убактысында талаа ээлери бир канча мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышты.

Беттеш 1:0 эсебинде "Нефтчи" команданын пайдасына чечилди.

Жооптук беттеш Душанбе шаарында 26-февралда өтөт. Аталган беттештин жеңүүчүсү АФК Кубогунун тайпалык оюндарына чыгат.


Пикир

Оставить комментарий