• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Пушкин көчөсүндө көмүр кампада 2 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби заттардын жана материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы П.Лумумба көчөсүндө батирдин 30 чарчы метр дубалы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жыгач устундуу тунуке жабылган мечиттин 300 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылындагы турак үйдүн 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү.

Каракол шаарындагы К.Маркс/Алыбакова көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц 190 үлгүсүнөгү автоунаанын мотору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий