• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын ММА боюнча курамасы Таиланддагы дүйнө чемпионатында 9 медаль утту, анын бешөө алтын

Спорт 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы (ММА GAMMA) Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 9 медаль утту. Анын бешөө алтын, төртөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Дүйнө чемпионаты 5-10-декабрь күндөрү өтүп, ага 40 ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан.

Улуттук курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:

  • Дооронбек Кылычбек уулу (52.2 кг);
  • Жаныбек Абдувалиев (61.2 кг);
  • Айжигит Эркебай уулу (70.3 кг);
  • Белек Абдижапаров (83, 9 кг);
  • Манас Темирбеков (94 кг).

Коло медаль уткандар:

  • Адилет Алимбай уулу (65 кг);
  • Дастан Жумабек уулу (94 кг);
  • Эржан Бексултанов (77 кг);
  • Мухамед-Шах Мустафакулов (65 кг).

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу жана улук машыктыруучу Айбек Бакасовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан

Пикир

Оставить комментарий