• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол: Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Монголиянын командасы менен оюн өткөрдү.

Оюндун 14-мүнөтүндө Ак шумкарлардын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов каршылашынын бош дарбазасына топту тээп, гол киргизди. Ал эми беттештин 42-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев чыгарылып берилген топту голго айлантты.

Экинчи бөлүктүн 56-мүнөтүндө Монголиянын командасынын пайдасына 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Монгол оюнчусу Норжмоо Цеденбал топту дарбазанын оң бурчуна тээп, гол жаратты. Эсеп 2:1, оюн кыргызстандык футболчулардын жеңиши менен аяктады.

Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, алгачкы оюнда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадиондо өткөн. Экинчи оюнда Мьянманын командасын өз талаасында кабыл алып, 7:0 эсебинде артта калтырган. Кыргызстандын курамасы F тайпасына туш болгон. Ал тайпада Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япониянын курама командалары бар.

Пикир

Оставить комментарий