• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Спорт агенттиги Республикалык жаштар конгрессинин делегаттарын тандоо сынагын жарыялайт

Спорт 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 2020-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Республикалык жаштар конгрессинин делегаттарын тандоо сынагын жарыялайт.

Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү 18 жаштан 30 жашка чейинки өкүлдөрү катыша алат.

Талапкерлердин тизмесинен Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 100 делегат тандалып алынып, эки жылдык мөөнөткө шайланат.

Сынакка катышуу үчүн табыштаманын формасын толтуруп жана төмөнкү даректерге жөнөтүш керек:

Табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 28-октябрда 00:00до аяктайт. Кеңири маалыматты 0312 32-52-18 телефон номуру аркылуу алууга болот.

Маалымат үчүн:

Конгресстин максаты – мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө ашырууга жаш жарандардын катышуусу, жаштар саясаты жаатында чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар жана жаштар уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу.

«Республикалык Жаштар Конгресси 2020» ишинин артыкчылыктуу маселелери:

  • COVID-19 менен күрөшүүдө жана ыктыярдуулукту өнүктүрүүдө жаштардын салымы;
  • санариптештирүү жана инновациялык долбоорлордо жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр;
  • жаштардын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө катышуусу.

Конгресстин иши делегаттардын, эксперттердин, мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык өткөрүлөт.

Конгресстин делегаттары төмөнкүлөргө укуктуу:

  • талкууга катышууга жана Конгресстин күн тартиби боюнча чыгып сүйлөөгө;
  • Конгресстин кароосуна суроолорду берүүгө.

Пикир

Оставить комментарий