• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт жана жолдор министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Бакыт Бердалиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Бакыт Бердалиев Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри болуп дайындалган.

Артем Новиков жолдор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизи, ошондуктан жаңы министрдин алдында министрликтин натыйжалуу ишин камсыз кылуу менен ага көрсөтүлгөн ишенимди актоо милдети тургандыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Бакыт Бердалиев министрликтин ишин өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт, ошондой эле пландаштыруу тутумуна, жолдорду куруу жана оңдоо боюнча долбоорлордун сапатын көзөмөлдөөгө жаңы ыкмаларды колдонорун ишенээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий