• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Спорт 0


Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча аялдар күрөшүндө 2023-жылдагы дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова бул жылы үчүнчү жолу Дүйнө чемпиондугун, бешинчи жолу Азия чемпиондугун, Азия оюндарында коло медаль жеңип алган. Ошондой эле ал Египетте өткөн "Ibrahim Moustafa" жана Венгрияда өткөн "Polyak Imre & Varga Janos Memorial" рейтингдик мелдештердин жеңүүчү аталган.

Ошентип, Айсулуу Тыныбекова 95 миң 575 балл топтоп, азыркы учурда 62 кг чейинки категорияда дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий