• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алат

Спорт 0

Бишкек, 10.03.24./Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, мелдеш 10-16-март күндөрү Бишкек шаарында өтмөкчү.

Ага карата, күн мурун, 9-мартта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасын кабыл алып, команданын капитаны Кузьма Терентьевге мамлекеттик желекти тапшырды.

Алтынбек Максутов 10-16-март күндөрү өтө турган иш-чара хоккейчилер жана хоккей сүйүүчүлөр үчүн чоң майрам экенин белгилеп, оюнчуларга ийгилик жана жеңиш каалап, жакынкы келечекте жогорку лигада ойногон мамлекеттердин катарын толуктап, кыргыз хоккейнин тарыхын жаңылайсыздар деген ишенимин билдирди.

Белгилесек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы III дивизиондун "А" тайпасында ойнот, бул II дивизиондун "В" тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан, Мексика, Түркмөнстан, Түштүк Африка Республикасы, Таиланд жана Люксембургдун командалары беттеше турган турнир “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.

Пикир

Оставить комментарий