• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 10.03.24./Кабар/. Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Акматалиев таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал дагы бир кыргызстандык балбан Алибек Осмонов менен кез келип, аны 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда тажикстандык спортчу Мустафо Ахмедовдун далысын жерге басып, жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда япониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашып, аны 8:6 эсебинде утту.

Алтын үчүн беттеште Акматалиев монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирындын далысын басып, жеңишке жетти.

Пикир

Оставить комментарий