• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта жаңы жылдык балатынын оту жандырылды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Күн мурун Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара Талас шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Иш-чарага Талас шаарынын мэри Эрмат Жумаев, мэрдин биринчи орун басары Максат Байджигитов жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, быйыл Талас шаарынын жаңы жылдык балатысы үчүн 100 миң сом бөлүнүп берилген. Балатыны сатып алуу үчүн 60 миң сом, ал эми жасалгалоо иштери үчүн 40 миң сом акча каражаты сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий