• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда автоунаадагы газ баллону жарылып, үч жашар бала каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Навои облусунун Кызылтепа районунда Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, үч жашар наристе каза болду. Бул тууралуу 25-декабрда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 24-декабрь күнү эртең менен болгон. Кафелердин биринин алдында токтоп турган Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, ичиндеги айдоочу менен анын үч жаштагы баласы жаракат алган. Алар түрдүү жарааттары менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай уулу реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Бул окуя боюнча Райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү болжолдуу тергөө иштерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий