• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбеде жүргүнчү автобус бир жумада 76 жолу жол эрежесин бузган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Душанбеде жүргүнчү автобус бир жумада 76 жолу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун видеобайкоо камералары каттаган жол эреже бузууларынын айыппулдары айдоочу тарабынан төлөнө элек", - деп билдирген Тажикстандын ИИМинин МАИ башкармалыгы.

Өткөн жылы бир айдоочу "Форланд" унаасы менен 376 жолу жол эрежесин бузган.

Душанбеде "Коопсуз шаар" долбоору 2013-жылы 31-октябрда ишке кирген. Анда шаарда 75 борбордук көчө менен көчө кесилиштерде 855 камера орнотулган. Долбоордун жалпы наркы 22 млн. долларды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий