• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда жаңы үч облус түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Казакстанда жаңы үч облус түзүлөт. Чыгыш Казакстан облусунун Семей аймагында Абай облусу, Караганды облусунун Жезказган өрөөнүндө Улытау, Алматы облусунун аймагында Жетисуу облусу пайда болот.

Абай облусунун борбору Семей, Улытау облусунун борбору Жезказган, Жетисуу облусунун борбору Талдыкорган шаары болот.

Бул тууралуу 16-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди:

– Семей аймагында Абай облусун түзүүнү сунуштайм. Семей шаары жаңы облустун борбору болот. Бул маселени аймак тургундары көптөн бери айтып жүргөнүн билем. Азыр ал жакта чечилбеген көйгөйлөр көп. Маселен, аймактын ички инфраструктурасы абдан эскирген, – деди Токаев.

Ал Жезказган өрөөнү жөнүндө айтып жатып, “бул аймакта өз алдынча облус түзүү экономикалык гана эмес, руханий жактан да маанилүү чечим экенин” билдирди. Токаев Алматы облусун экиге бөлүү планы Алматы шаары өтө чырмалышып (агломерация) кеткени менен түшүндүрдү.

Ал эл Капшагай шаарына Советтик Казакстандын лидери Динмухамед Кунаевдин ысымын берүүнү сунуштаса, колдой турганын да айтты.

Пикир

Оставить комментарий