• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ кызматкерлери өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, майрам алдында үйлөр, имараттар, соода жайлар жана кафелер кооздолот. Балдардын бүйүрүн кызыткан балаты электр гирлянддар менен шөкөттөлөт. Айрым гирлянддардын электр зымдарынын туура эмес туташуусунан, балаты турган жерде өрт чыгуусу толук мүмкүн.

Мындан сырткары, базарларда, соода түйүндөрүндө майрамдын урматына атылуучу фейерверк, салют сыяктуу пиротехникалык буюмдар сатылат. Бул буюмдардын коопсуздук эрежелерин балдар балалыгы менен эске албайт. Андыктан фейерверктерди аттырууда эрежелерди сактабагандан улам арты кайгылуу окуялар менен коштолушу мүмкүн.

Буга кошумча кыш айларында тилсиз жоонун ар кандай түрлөрүнө кабылып, материалдык баалуулуктардын чыгымына да дуушарланышат. Айрым учурларда адам өмүрү үчүн кооптуулук жаралбай койбойт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жылды коопсуз тосуууну сунуштайт. Андыктан министрликтин облустардагы башкармалыктарынын адистери күн сайын эл көп чогулуучу жайларга чыгып, коопсуздук эрежелерин так сактоону түшүндүрүп келишет.

Айта кетсек, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда соода түйүндөрүндөгү, базарлардагы соодагерлерге, тойканалардагы тейлөөчүлөргө, бала бакчалардын тарбиячыларына өрт өчүрүү шаймандарын оң абалда кармоо эрежелерин жана фейерверктерди колдонуу, сактоо эрежелерин түшүндүрүштү.

Пикир

Оставить комментарий