• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зыян 4,5 млн сом. Бажычылар мыйзам бузуу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бажычылар мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жыл аралыгында Түркиядан "П.С.С.И.Т" ЖЧКсынын дарегине "PD 500" үлгүсүндөгү 6 бургулоочу машиналар келген жана алар "Убактылуу ташып келүү" жол-жобосу боюнча бажы шарттарында таризделгени аныкталган.

Бирок кийинчерээк аталган жол-жободо каралган мөөнөттөр бузулуп, натыйжада Кыргызстандын бюджетине туумдарды кошпогондо 4 млн 503 миң 340 сом зыян келтирилген.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий