• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арстанбап айылында 5 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жол оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылда “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалы тарабынан жалпы беш чакырым аралыктагы жолго асфальт төшөө иштери колго алынган.

"Азыркы учурда анын төрт чакырымы бүткөрүлдү. Жумуш аяктаса айылдагы ненизги каттамда шарт жакшырат. Мындан сырткары дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички жолдор оңдолууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий