• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: ШКУ мейкиндигинде транспорттун бардык түрлөрү менен ташуунун сапатын жакшыртуу ишин улантуу зарыл

Президент 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. "ШКУ мейкиндигинде транспорттун бардык түрлөрү менен ташуунун сапатын жакшыртуу боюнча биргелешкен ишти улантуу зарыл", - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, видеоконференц-байланыш режиминде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Уюмдун соода-экономикалык түзүүчүсү - маанилүү маселелеринин бирин чечүүдө, тактап айтканда, азыркы замандын шарттарында артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болгон ШКУ Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү, улуттук валютадагы эсептөөлөргө өтүү жолу менен натыйжалуу финансылык механизмдерди ишке киргизүү - узак убакыттан бери алдыга жылбаганын өкүнүү менен белгиледи.

"Бул эки түзүм ШКУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө жана аймактык кызматташууну тереңдетүүгө көмөк көрсөтүшү керек. ШКУ мейкиндигинде транспорттун бардык түрлөрү менен ташуунун сапатын жакшыртуу боюнча биргелешкен ишти улантуу зарыл, деп эсептейм. Мындан улам, биздин өлкөлөрдүн транзиттик потенциалын транспорт, логистика жана тиешелүү базалык инфраструктура жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык транспорттук коридорлорго кошулуу жолу менен пайдалануу ШКУ регионунун экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтөт, деп ойлойм. Кыргыз Республикасы биздин Уюмга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөр жана диалог боюнча өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары чыңдоону жактайт", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал маанилүү багыттардын бири санариптик экономика, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, инновацияларды жана жогорку технологияларды киргизүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү болушу керектигин тастыктады.

Президент ошондой эле электрондук коммерция, электрондук бажы жана электрондук логистика мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле санариптик транспорттук коридорлорду колдонуу аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулоо үчүн диалогдук аянтчаны түзүү зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров Уюмдун алкагында практикалык ишке ашырууну талап кылган көптөгөн документтер кабыл алынганын кошумчалады. Экономикалык байланыштарды чыңдоо, соодадагы тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу, технологияларды жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, ошондой эле "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жана ESG башкаруу боюнча биргелешкен жана өз ара пайдалуу позицияны түзүү маселеси боюнча өз ара аракеттенүү системасын түзүү боюнча милдеттер абдан актуалдуу болуп саналат.

Президент ШКУнун Ишкерлер кеңеши жана Банктар аралык бирикмеси конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керек, деп баса белгиледи.

"Кыргыз Республикасы айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү маселелерин биргелешип чечүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Биздин Уюмдун алкагында айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттеринин алдын алуу жаатында кызматташуу боюнча документтердин бекем базасы түзүлдү. Биз климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттерин азайтуу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлор боюнча кызматташууга ачыкпыз. ГЭСтерди куруудан жана "жашыл" экономика долбоорлорун ишке ашыруудан тышкары өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарынын арасында ирригацияда ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана энергонатыйжалуу долбоорлорду ишке ашыруу да маанилүү болуп саналат. 2023-жылдын 25-26-октябрында Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында конкреттүү чечимдер кабыл алынат, деп ойлойм", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө ШКУ ар кандай маданий салттарды туткан мамлекеттердин кызматташтыгынын уникалдуу үлгүсүн көрсөтүүдө.

"Маданий-гуманитардык байланыштар биздин өлкөлөрдү жана элдерди бириктирип турган бекем чынжыр катары кызмат кылат. ШКУга мүчө мамлекеттерде маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча борборлор жана институттар түзүлгөн. Кыргызстандагы ШКУнун маданий-интеграциялык борбору өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө үчүн элдик дипломатиянын маанилүү куралы катары чыгат. ШКУнун Катчылыгы маданият жана спорт жаатындагы биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин элдик дипломатиясынын институттары жана борборлору менен активдүү иш алып баруусу зарыл. Учурдан пайдаланып, үстүбүздөгү жылдын 13-14-майында Чолпон-Ата шаарында ийгиликтүү өткөрүлгөн ШКУнун салтка айланган Ысык-Көл эл аралык марафонуна ШКУ өлкөлөрүнүн өнөктөштөрүнүн катышуусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем", - деп президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди ШКУнун төрагалыгын алышы менен куттуктап, сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий