• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Моранди көпүрөсүндөгү кырсыктан көп адамдар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттареллага Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктан улам көп сандагы адамдар каза болуп жана жабыркагандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кайтыш болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий