• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргызстандык таксисттин камактагы мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 15.08.18 /Кабар/. Москванын Тверь шаардык соту Москвада жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбектин камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

“Сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып Анарбектин камактагы мөөнөтүн 2 айга – 16-октябрга чейин узарткан”, - деп билдирген соттун басма сөз катчысы Анастасия Дзюрко.

Кырсык 16-июнда кечинде болгон. Таксист тротуарга чыгып, жөө жүргүнчүлөрдүн тобун сүзгөн. Ал качууга аракет кылып, бирок өтүп бараткан адамдар тарабынан кармалып, полицияга өткөрүлүп берилген.

Жол кырсыгы фактысы боюнча Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын колдонуунун эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кырсыктан 8 адам жаракат алган. Арасында Мексиканын эки жараны жана Украинанын жараны болгон.

Кийинчирээк айдоочу кырсык болгонго чейин рулда 20 сааттай убакыт өткөргөнүн айткан. Ошондой эле жоопкерчиликтен корккондугу үчүн окуя болгон жерден качууга аракет кылгандыгын, алкоголдук ичимдик ичпегенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий