• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сабырдуулукту көрсөтөлү". Мамлекеттик катчы тууну өзгөртүү тууралуу үн катты

Коом 0

Бишкек. 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу үн катты.

"Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк, насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алпарууда.Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи.

Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти.

Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз.

Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө...

Илгертен элибиз тилек кылышчу. Өзгөнүн туусун жыгып, өзүнүн туусун саяр балдарыбыз көп болсо экен деп. Улуу Ата мекендик согуш учурунда дагы аскердик бөлүктөр күжүрмөн туусу үчүн кырылып калышкан.

Азыркы биздин туубуз, Эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда.

Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы, бири - бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү", - деди мамлекеттик катчы.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-ноябрдагы жыйында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий