• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталды.

Бишкектин Ак-Босого конушунда жыгач устундуу шифер жабылган аянты 40 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана кире бериш бөлмөсүндө төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Вознесеновка айылында аянты 21 чарчы метр болгон жыгач сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий