• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда суу-жер көйгөйлөрүн чечүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Чүй облусунда айыл чарбасындагы суу жана жер ресурстары тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулоого жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табууга арналган жыйын өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, райондордун акимдери, суу чарба жана айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Иш-чарага ошондой эле Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Кыргыз ирригация илим-изилдөө институтунун көрүнүктүү окумуштуулары, чарбалардын жана агроөнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү дагы чакырылган.

Канат Жумагазиев өз сөзүндө облуста суу ресурстарынын жетишсиздигине токтолуп, аларды пайдалануунун рационалдуу ыкмаларын иштеп чыгууну талап кылды. Ошондой эле жер кыртышынын абалына көңүл буруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн пландаштыруу, бассейндерди эффективдүү пайдалануу, жасалма мөңгүлөрдү түзүү жана тамчылатып сугаруу ыкмасын кеңири жайылтууга өзгөчө басым жасады. Алдыга коюлган милдеттердин актуалдуулугун баса белгилеп, катышуучуларды орун алган көйгөйлөрдү, алардын себептерин ачык талкуулап, чечүү жолдорун сунуштоого чакырды.

Райондордун өкүлдөрү суунун коромжусун азайтуу үчүн бетон лотокторду орнотуу жана көлмөлөрдү даярдоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасын аткаруу боюнча маалымат беришти. Эксперттер ошондой эле эгин себүү пландарына карабастан жеке чарбаларда которуштуруп айдоо иштери жүргүзүлбөй жатканын да белгилешти.

Жыйынга дыйкан чарбаларынын өкүлдөрү активдүү катышып, жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө катышууга даяр экендиктерин билдиришти. Ачык дискуссияда алар ар кандай маалымат болгондуктан эмнени себүүнү билбей отурган учурлар жөнүндө билдиришти. Иш-чаранын катышуучулары дыйкандардан себүү жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча сунуштарды аткарууну суранышты.

Өз кезегинде, илимпоздор Канат Жумагазиевге илимди актуалдуу маселелерди чечүүгө аралаштырганы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар ыйгарым укуктуу өкүлдүн аракетин колдоп, изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырышты. Алардын сунуштары токой тилкелерин отургузуудан, каналдардын астын бетондоодон баштап, минералдык жер семирткичтерди туура пайдаланууга чейинки ар турдуу кенештерин беришти.

Агробизнес квалификациялуу адистердин жетишсиздигине токтолуп, фермерлерди окутууну уюштуруу сунушун киргизди. Ошондой эле сууга мониторинг жүргүзүү үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында облустун айыл чарбасын өнүктүрүү талдап, андан кийин стратегиясын иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий