• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР менен Казакстандын адистери “Кабар” агенттигинде теле көпүрө аркылуу бизнес жана инвестиция маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. / Кабар/. Бүгүн “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде “Бизнес менен инвестицияны коррупциясыз алып баруу” аттуу темадагы теле көпүрө уюштурулду.

Бул иш-чарага Protecting Business and Investments долбоордук кеңсесинин илимий-эксперттик кеңешинин мүчөсү, “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов жана “Кабар” КУМАнын эксперттик бөлүмүнүн башчысы Эрмек Абдрисаевдер модераторлук кылышты.

Бул теле көпүрөдө кыргыз тараптан Алмаз Исанов (КРнын инвестицияны коргоо жана алдыга жылдыруу боюнча агенттиктин инвестициялык саясатты өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысы), КРнын Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Данияр Медеров (Эл аралык иш кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары), Кубанычбек Сагалиев (ЖИА каржы клубунун төрагасы) жана Андрей Догадин (“Биз Эксперт” аналитикалык борборунун аткаруучу директору) катышты.

Талкууга казак тараптан Данияр Сабирбаев (Казакстан Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агенттиктин Коррупцияга каршы департаментинин директору), Гүлмира Кабиева (Protecting Business and Investments долбоордук кеңсесинин башчысы), Ирина Ким (Казакстан Республикасынын “Атамекен” ишкерлер улуттук палатасынын эксперти) катышты.

Эки тараптуу талкуунун алкагында учурдагы көйгөйлөр, ошондой эле Кыргызстан менен Казастандын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынын бизнес жана инвестицияны коргоо жана коррупциясыз алып баруу маселелери боюнча талкуу жүрдү.

Теле көпүрөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Казакстандын бизнес жана инвестицияны колдоо жана коргоо тармагында иш алып барган кызмат менен уюмдарга сунуш жана кеңештер иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий