• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропортунда жыл башынан бери жүргүнчүлөрдүн агымы 62% көбөйгөн

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2022-жылдын 3 ай аралыгында 993 миң 65 жүргүнчүнү тейледи.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 380 миң 906сы ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам - 612 миң 159 жүргүнчүлөр агымын түзгөн.

2022-жылдын 1-январынан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылды. Алардын 5 миң 824 – эл аралык, 3 миң 232 – ички каттамды түздү.

Эл аралык «Манас» аэропорту 5 миң 786 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 665 – ички, 4 миң 121 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 553 миң 579 кишини түздү. Алардын 191 миң 554 – ички, 362 миң 25 – эл аралык.

«Ысык - Көл» эл аралык аэропорту 89 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 73 - эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 10 миң 208 кишини түздү. Алардын 8 – ички, 10 миң 200 – эл аралык багытта.

«МЭА» ААКнын Ош филиалы 3 миң 181 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 551 – ички, 1 миң 630 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 429 миң 278 кишини түздү. Алардын 189 миң 344 – ички, 239 миң 934 – эл аралык багытка туура келет.

Пикир

Оставить комментарий