• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Зулушев: Прокуратура каралоочу орган болуп калбашы керек

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Прокуратура каралоочу орган болуп калбашыбыз керек, - деп билдирди бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев коллегиялык жыйында.

Ал өз сөзүндө Жогорку сот тарабынан актоо өкүмдөрү күчүндө калтырылганда, прокурордун жоопкерчилигин кароо мурдатан бери келе жаткан көрүнүш экендигин билдирди.

"Бирок биз мындай жагдайга көз карашыбызды өзгөртүүбүз зарыл. Анткени актоо өкүмү же жарандык иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин сотко катышкан прокурорду сот актысын терең изилдетпестен, жогорку инстанцияга чейин даттанууга милдеттендирүүдө, көп учурларда соттолуучунун жана соттук процесстин башка катышуучуларынын укугу бузулуп, прокурордук системаны элге терс тарабынан көрсөтүп жатат", - деп Зулушев билдиргендигин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Зулушев билдиргендей, сот актыларын даттануудан мурда анын мыйзамдуулугун терең изилдеп чыгуу керек.

"Бул багытта прокурорлор 3 негизги учурга тергөөнү көзөмөлдөөнүн сапатына көңүл бурууга, жазык иш боюнча айыптоо актысын бекитүүдө, көзөмөлдөөчү прокурор ишти тергөө башталгандан тартып, аяктаганга чейин карап, тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, кылмышкердин аракеттерине туура баа берилгендигин аныктоого, мамлекеттик айыптоочу жарыш сөзгө чыгаарда даярданып, айыпкердин аракеттерин туура квалификациялоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ишке мындай берилип мамиле кылуу менен биз тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун кесипкөйлүгүн көтөрөбүз, иштерди көп убакытка создуктурууга чекит коёбуз. Эгерде айыпталуучу ак жеринен күнөөлөнүп жатса укугун коргойбуз. Анткени, биз каралоочу орган болуп калбашыбыз керек", - деди башкы прокурор.

Пикир

Оставить комментарий