• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Жарандык коргонуунун качкындарды кабыл алуу боюнча машыгуулары өтөт – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-20-ноябрында Кыргызстандын аймагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын машыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу окутуу менен эки этапта өткөрүлөт.

"Машыгуунун максаты КР Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык тутумдарынын качкындарды кабыл алуу боюнча күчтөрдү жана каражаттарды көзөмөлдөө органдарынын аракеттеринин даярдыгын текшерүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3 миңден ашуун качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.

Практикалык иш-чаралардын жүрүшүндө келген качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Машыгууга КР президентинин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлик, ведомстволордун жетекчилери жана КР Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышат.

Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМдин имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн түрүндө көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий