• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ветеринардык коопсуздук боюнча инспекциясы малдарды идентификациялоонун жүрүшү тууралуу айтып берди

Коом 0


Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы 1 млн 730,9 миң баш ири мүйүздүү мал жана 26,5 миң баш чочко идентификациядан өткөрүлүп, жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Алмаз Шаршенбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаңы туулган төлдү идентификациялоо улантылууда.

“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо мыйзамын ишке ашыруу максатында Маминспекциянын 25-январындагы №018 буйругунун негизинде жылкыларды идентификациялоо иш-чаралары толук кандуу башталды. Учурда 25 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, анын ичинен 2 миң 636 баш асыл тукум жылкылар жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына киргизилди”, - дейт ал.

Шаршенбеков 2020-жылдан тартып үй канаттууларын, балык жана аары чарбаларын идентификациялоо толук кандуу башталганын белгилейт.

“Бүгүнкү күндө 37 үй канаттуулар чарбасында 966 миң 800 баш үй канаттуулар идентификациядан өткөрүлүп, 461 миң 893 жеке үй чарбаларда 3 млн 545 миң 981 баш үй канаттуулар каттоого алынды. Аары бал челектерди идентификациядан өткөрүү иш-чаралары боюнча 1 миң 146 чарбада 70 миң 267 бал челектер идентификациядан өткөрүлүп, план 80% аткарылды. Балык чарбаларды идентификациялоодо 86 чарба 402 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, план 90%га аткарылды”, - деп айтат ал.

Белгилей кетсек, идентификациялоонун максаттары:

Кыргызстандын аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү тутумун ишке киргизүү;

Алардын азыктуулук көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, мал чарба продукциясынын рынокторун башкаруу жана болжолдоо үчүн жаныбарлар жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматты алуу;

Жаныбарлардын саны жөнүндө ишенимдүү маалыматты пайдалануу менен эпизоотияга каршы, алдын алуу-дарылоо жана ветеринардык-санитардык иш-чараларды пландоо жана жүргүзүү;

Биологиялык коопсуздукту, өндүрүлгөндөр, сатылып жаткан продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө, жаныбардан чыккан азыктардын жана чийки заттардын толук жана ишенимдүү маалыматтарын керектөөчүлөргө берүүнү камсыз кылуу.

Идентификациялоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жаныбарлардын санынын ишенимдүү эсеби;
2) жаныбарларды экспорттоодо жана импорттоодо мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүү жана Кыргызстандын аймагын жугуштуу ылаңдарды козгогучтардан коргоо;
3) жаныбарларды багууда, көбөйтүүдө, аларды соодалоодо, союуда жана союлгандардын пайдаланууга жараксыз болгон азыктарын жана өлгөн мал өлүктөрүн утилдештирүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарды сактоо.

Эскерте кетсек, малдарды идентификациялоо алгач республика боюнча Ысык-Ата, Кара-Буура, Ноокат райондору пилоттук район катары тандалып алынып, инспекция тарабынан адистер окутулган. 2016-жылы пилоттук район катары тандалып алынган Ысык-Ата районунун Люксембург айыл аймагында жаныбарларды идентификациялоо иши старт алган.

Пикир

Оставить комментарий