• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Сууда жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзам кыйылган карагайлар табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзам кыйылган карагайлар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 19- апрель күнү Ак-Суу РИИБине Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылынын жашоочусу мыйзамсыз Тянь-Шань карагайын кыюуда деген маалымат келип түшкөн.

Маалымат Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция жана Каракол токой чарба кызматкерлери тарабынан текшерилип, 1965-жылы туулган А.О. аттуу жарандын короосунан жашырылган 18 даана Тянь-Шань карагайлары табылып, далил зат катары алынган.

Бул факт боюнча КР КЖнын 303-беренесине ылайык (Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий