• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кабыл алды.

Аны менен бирге ага 160 миң сом (1 миң 600 эсептик көрсөткүч) айып салынып, мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу чечими чыкты.

Анын камакта болгон бир күнү эки күн деп эсептелди.

Эскерте кетсек, Илмияновго, жүк ташуучу унааларга коюлган камакты алып салуу үчүн бир фирмадан 150 миң доллар алган деген айып тагылып жаткан. Ошондой эле бул иш боюнча Салык кызматынын кызматкерине да айып тагылган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмияновго Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча, ал эми Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго 320-берененин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган.

Кийинчерээк соттук отурумдардын жүрүшүндө, Шакировдун саламаттыгына байланыштуу отурумдарга келе албагандыгы айтылып, Илмиянов менен Шакировдун ишин бөлүп кароо өтүнүчү келтирилген. Сот ал өтүнүчтү канаатандырган.

Пикир

Оставить комментарий