• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ААК басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Абу-Даби шаарына уча турган каттам кармалууда. Учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды.

Учуулардын токтотулушу жана кармалышы Бириккен Араб Эмираттарындагы орун алган туруксуз аба ырайына, жаан-чачынга байланыштуу болууда.

Пикир

Оставить комментарий