• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркия аскердик чөйрөдөгү кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулады

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматтык-аналитикалык иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана келечекте аткарылуучу иштери боюнча пикир алмашты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 18-февралында Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинен КРнын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү иш-чарасы өткөрүлгөн. Берилген аскердик багыттагы мүлктө байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар камтылган.

Пикир

Оставить комментарий