• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Наркы 800 миң сомдон ашуун. Ноокатта аткезчилик товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Оперативдүү бажысынын кызматкерлери наркы 800 миң сомдон ашык контрабандалык товарды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүү фактысын табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Оперативдүү бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында К.у.Ж. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын ичин текшерүүдө саны 15 313 даана карапа идиш, 5 796 даана чарба товарлары, салмагы 500 кг түзгөн АТК үчүн мурда колдонулган запас бөлүктөрү табылган. Жүк чектешкен мамлекеттен ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуп, товар коштоочу кагаздары жок киргизилген. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 844 миң 495 сомду түзөт.

Бул факт КБР АМС МКЖда катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий