• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир жумада 10 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 10 миң 780 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкарган 1 889 айдоочу кармалган;

-тиешелүү документтери жок 177 айдоочу рулга отурган;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4 043;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 1;

- мамлекеттик номери жок – 1;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 2;

- автоээнбаштык – 1;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 178;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 116;

- кооптуу жүк ташуу эрежелерин бузуу – 1;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 423;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 85;

- мас абалында автоунаа башкаргандыгы үчүн – 192.

Ал эми 777 автоунаа унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий