• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК кызматкерине пара берүү учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-апрелинде Финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен М.С.Ш. кармалган.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий