• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жолдун сапатсыз курулушу боюнча “Кыргызавтожол” ишканасынын башкы инженери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз транспорттук прокуратурасынын жана Ош облустук прокуратурасынын жумушчу тобу тарабынан Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги “Айланма Ош” автожолунун 12-17-чакырымында (“Т-түрүндөгү” кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальтбетондук төшөөнү орнотууда мыйзамдардын сакталышына жана сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кыргызавтожол” ишканасынын №21 жол тейлөө ишканансынын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду, ошондой эле асфальбетонду орнотуу боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизишкендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош облусунун прокуратурасы тарабынан №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Учурда тергөө аракеттери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий