• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында Чкалов атындагы мектепке 178 млн сомго кошумча корпус курулат

Аймак 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Нарында №2 Чкалов атындагы мектепке 3 кабаттуу, 500 орунга ылайыкталган кошумча корпус курулат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Нарын аймактык курулуш жана инженердик инфраструктурасы тарабынан жарыяланган.

Пландалган сумма 177 млн 836 миң 230 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 11-августка чейин.

Пикир

Оставить комментарий