• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта мал уурдоого шектелип үч жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда мал уурдоого шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук милициясына 58 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 15-октябрдын түнү Сокулук районунун Саз айылында жайгашкан сарайынын ичинен үч баш малын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 19 жаштагы Ж.Э., 25 жаштагы Б.А жана 17 жаштагы Ж.Э. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий