• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жайыл районунда кайрак жерге себилген буудайды суугаруу ыкмасын жайылтуу боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда Чүй облусунун Жайыл районунда кайрак жерге себилген жогорку түшүмдүү күздүк буудайды жамгырлатып суугаруу ыкмасын пайдалануудагы иш-тажрыйба ыкмасын жайылтуу боюнча республикалык семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинар “КР экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгын аткаруу максатында уюштурулган.

Иш-чарага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, КР президентинин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын жана сугат тармактарынын башкармалыктарынын башчылары, үрөнчүлүк чарбаларынын, кооперативдердин жетекчилери, дыйкан-фермелер катышты.

Пикир

Оставить комментарий