• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун аймагындагы турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына президенттин атынан зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары тапшырылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпы 25 балага жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле мамлекет башчысынын атынан балдарга белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн 201 баласына жардам көрсөтүү үчүн мамлекет башчынын резервдик фондунан 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий