• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мурда Тажикстандын аймагында кармалган Кыргыз Республикасынын жаранын Кыргызстанга кайтарышты. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылдын 1-ноябрында Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Арка-Борбордук жолунун тилкесинде Тажикстан УКМКсынын кызматкерлери Кыргызстандын 1992-жылы туулган Р. Исмалова аттуу жаранын кармап кеткен.

Кармалган жаран 2022-жылдын 10-январында Лейлек районундагы "Кулунду авто жол" пункту аркылуу мекенине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий