• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында Сыдык Айтматов атындагы мектеп курулууда. Билим уясы 500 орунга ылайыкташкан. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Типтүү мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржалынууда - 133 млн сом. Курулуш иштери учурда 40% бүттү.

Билим берүү мекемесин 2024-жылы пайдаланууга берүү пландалган. Аталган мектептин эски имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.

Белгилей кетсек, 2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 24 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган. Бүгүнкү күнгө чейин анын ичинен 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан дагы 6 мектеп пайдаланууга берүү алдында турат, 7 мектептин курулушу менен 5 мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштерин, жыл соңуна чейин бүткөрүү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий