• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

№1 Шаардык клиникалык ооруканасында оңдоп-түзөөдөн кийин эндокринология бөлүмү ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарындагы №1 Шаардык клиникалык ооруканасында 40 орундуу эндокринология бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Сариев, оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери жана башкалар катышышты.

№1 Шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев бул бөлүмдүн имаратында курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи.

"Капиталдык оңдоо иштери шаардын эсебинен, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 12 млн сомдон ашык суммага жүргүзүлгөн. Имараттын чатыры жана фасады толугу менен жаңыланып, сантехника, жылытуу системалары алмаштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Министр бейтаптарды дарылоого шарт түзүү калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берерин баса белгиледи.

"Бишкекте эки гана саламаттык сактоо мекемесинде эндокринологиялык ооруларды дарылоо боюнча адистештирилген бөлүм бар. Ал эми алардын бири бул жерде, №1 Шаардык клиникалык оорукананын базасында. Бул бөлүмдө жыл сайын миңден ашык бейтап тажрыйбалуу адистердин аркасы менен дарыланып чыгат. Оорукананын тажрыйбалуу жетекчисине жана ынтымактуу жамаатына ийгилик жана ден соолук каалайм", - деди ал.

Муну менен катар №1 Шаардык клиникалык ооруканага тез жардам унаасы бөлүнүп, КТ аппаратын орнотуу мүмкүнчүлүгү карала турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий